super.kg logo
  Саясат  

Өткөн 8 айда салык жана бажы алымдары 2,5 миллиард сомго кем чогултулганы айтылды

 

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финасы боюнча комитетинин 15-сентябрдагы жыйынында республикалык бюджеттин учурдагы аткарылуу жүрүмү тууралуу маселе каралып жатканда ушул жылдын сегиз айынын жыйынтыгында салык төлөмдөрү менен бажы алымдары 2,5 миллиард сомго кем чогултулганы белгилүү болду. Жыйынга Каржы министрлигинин, Салык кызматынын, Бажы кызматынын, Эсептөө палатасынын жетекчилери катышты.

Каржы министри Ольга Лаврованын айтымында, өткөн 8 ай аралыгында бюджетке 76 миллиард сомдун түшүүсү пландалса, иш жүзүндө 89 миллиард 851 миллион сом көлөмүндө каражат келип түшкөн. Ал эми бюджет чыгымдары 63 миллиард сом өлчөмүндө болду. Салыктык төлөмдөр 27 миллиард сом деңгээлинде күтүлсө, 26 миллиард сом жыйналды. Бажы алымдарынан 25 миллиард сом түшүш керек болсо, ал 92 пайызга аткарылды.

Салык кызматынын төрагасы Замирбек Осмонов азыр жыйналбай калган 859 миллион сомдун ордун толтуруу багытында чаралар көрүлүп жатканын билдирди. Ал эми Бажы кызматынын төрагасы Адамкул Жунусов пландалган каражаттын толук түшпөй калуусун импорт көлөмүнүн 96,7 пайызга чейин кыскарып кетиши жана кыш мезгилинде Тажикстан менен чек аранын жабылып калышы менен түшүндүрдү.

Талкуу жыйынтыгында комитет мүчөлөрү берилген маалыматтарды эске алуу менен келерки жыйында "капиталдык салымдар" беренесинин аткарылышы боюнча өзүнчө кеңири маалымат берүү тапшырмасы берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: