super.kg logo
  Саясат  

Каржы министрлиги: Январь-август айларында 76 долбоор 18,7 миллион сомго каржыланды

 

“2014-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга божомол жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамында "үлүштүк гранттар" беренеси боюнча 400 миллион 781,9 миң сом каралган.       

2014-жылдын 1-сентябрындагы абал боюнча дем берүүчү гранттардын эсебинен 208 долбоорду 142 миллион 781,9 миң сом суммасында каржылоо каралса, анын ичинде 76 долбоор 18 миллион 778 миң сом суммасында толугу менен каржыланды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-июнундагы №462-токтому менен бекитилген "Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылоо тартиби жөнүндө" жобого ылайык, долбоорлорду каржылоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген отчёттордон көз каранды (суралган суммага жана талап кылынган көлөмгө ылайык) болгондуктан, үлүштүк (дем берүүчү) грант отчёт берилгенден кийин долбоордун тибине жараша (өздүк, тартылган, республикалык бюджеттин) каражаттардын өздөштүрүлүшүн эске алуу менен бөлүп-бөлүп берилет.

Аталган каражаттардын категориялар боюнча бөлүштүрүлүшү:      

Категориялар

2014-жылдын 1-сентябрына карата

Объекттердин саны

Финансы каражаттарынын бөлүштүрүлүшү (миң)

Жалпы суммадан( пайыз)

1

Мектептер

95

70068,4

49,1

2

Бала бакчалар

39

28553,1

20,0

3

Маданий маанидеги объекттер

16

9607,6

6,7

4

Спорттук багыттагы объекттер

17

10682,0

7,5

5

Саламаттык сактоо объекттери

4

2136,0

1,5

6

Инженердик-коммуникациялык инфраструктура объекттери

20

10017,7

7,0

7

Администрациялык маанидеги объекттер жана башкалар

17

11717,1

8,2

 

Бардыгы

208

142781,9

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: