Тоң районунда мөндүр аралаш жааган жамгыр 249 миң сомдон ашык материалдык чыгым алып келди
Тоң районунда мөндүр аралаш жааган жамгыр 249 миң сомдон ашык материалдык чыгым алып келди. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 12-сентябрында Көл-Төр айыл аймагында жайгашкан Көл-Төр, Тогуз-Булак, Коңур-Өлөң айылдарында мөндүр аралаш жамгыр жаап өткөн. Анын кесепетинен Көл-Төр айылында 8 адамдын 13,5 гектар арпасы зыянга учураган. Кечээ, 15-сентябрь күнү Райондук жарандык коргонуу комиссиясы текшерүү иштерин жүргүзүп, жыйынтыгында жалпы материалдык чыгым 249 142 сомду түзгөндүгүн аныкташкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.