Бишкекте мал уурулук фактысына шектелип эки жаран кармалды
Бишкекте мал уурулук фактысына шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 16-сентябрда билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 1972-жылы туулган Токтосун аттуу Бишкек шаарынын тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз адамдар сарайындагы 9 коюн уурдап кетишкенин айткан. Бул боюнча жүргүзгөн иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү делинип 1967-жылы туулган Адилбек жана 1994-жылы туулган Бектемир кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө алардын башка дагы уурулук фактыларына тиешеси бар экендиги аныкталган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.