super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев өлкөдө маяналардын 52 пайызы "конверт" менен төлөнүп жатканын айтты

 
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 15-сентябрда Социалдык фондду жана пенсиялык системди реформалоо боюнча кеңешме өткөрдү. Экономика министрлигинин, Мамлекеттик салык кызматынын жана Социалдык фонддун жетекчилери катышкан жыйында пенсиялык системди реформалоо аракеттери талкууланды. Оторбаев бюджетке болгон басымды жеңилдетүүгө багытталган конкреттүү мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу тапшырмасын берди. "Бүгүнкү күндө камсыздандыруу мүчө акыларын топтоону эффективдүү ишке ашыруу үчүн Социалдык фондго ыйгарым укуктар жетишпейт. Эксперттердин айтымында, айлык акылардын 52 пайызы "конверт" менен төлөнөт. Ошондуктан май айында социалдык төлөмдөрдү жыйноо функциясын Социалдык фонддон Салык кызматына өткөрүп берүү чечими кабыл алынган. Тийиштүү мыйзам долбоору иштелип чыкты",- деп билдирди өкмөт башчы.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: