super.kg logo

Жумгал районундагы өрттүн келип чыгуу себеби аныктала элек

 

Жумгал районундагы өрттүн келип чыгуу себеби аныктала элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Нурлан Ташманбетов бүгүн, 16-сентябрда билдирди.

“Өрттүн келип чыгуусуна ошол жактагы малчылар же аңчылар себепкер болушу мүмкүн. Бирок азырынча себеби аныктала элек”,- деди Нурлан Ташманбетов.

Анын айтымында, өрттү өчүрүү иштери дале уланып жатат. Өрттүн токтобой жатышына кургакчылык жана шамал себеп болууда.

Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 10-сентябрында Жумгал районунун Каныш капчыгайында өрт чыккан. 12-сентябрга алынган маалыматтарга караганда, тилсиз жоонун кесепетинен 600 гектарга жакын куураган чөп жана бадалдар күйгөн. Ошондой эле 11-сентябрь күнү өрттү өчүрүү учурунда өрт өчүрүүчү Алтынбек Дүйшөналиев жана Жумгал райондук мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкери Абаскан Нуралиев каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: