Акыркы 8 айда өрт кырсыктарынын кесепетинен 50 адам каза тапкан
Акыркы 8 айда республика аймагында 2904 өрт кырсыгы катталган. Бул тууралуу Өрткө каршы агенттиктен бүгүн, 16-сентябрда билдиришти.
Алардын маалыматына караганда, келтирилген материалдык чыгым 240 миллион сомдон ашкан. Ошондой эле өрттөрдүн кесепетинен 50 адам каза болуп, 40 адам жабыркаган. 156 адамдын өмүрү сакталып калган. Көпчүлүк учурда тилсиз жоонун келип чыгышына отко этиятсыз мамиле кылуу себеп болууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.