Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөр октябрдын аягына чейин жылуулук системине толугу менен уланат
Ош шаарындагы жылуулук системинен ажыратылган көп кабаттуу үйлөр ушул жылдын октябрь айынын аягына чейин толугу менен жылуулук системине кайрадан уланат. Мындай билдирүүнү "Ош жылуулук электр борборунан" бүгүн, 16-сентябрда билдиришти.
Автор: Айсана Паизова
Маалым болгондой, шаарда жаратылыш газынын жоктугун, быйыл кыш узакка созуларын эске алып, өз алдынча жылуулук системинен ажыратылган үйлөрдү кайрадан жылуулук системине туташтыруу каралган. Ага ылайык, шаардагы көп кабаттуу үйлөрдөгү жылуулук системине туташтыруу ишинин 70 пайызы аяктап калды. Октябрь айынын аягына чейин толугу менен улантылып бүткөрүлөт. Мындай иштерди аткаруу үчүн кеткен чыгымдардын 50 пайызы Ош шаардык мэриясы тарабынан берилсе, калганын жергиликтүү тургундар тарабынан чогултулмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:41
2025-06-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
goodman02

16.09.2014. 10:44
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
а бизге дагы деле улай элек го.. былтыр да улайбыз деп калып кеткен, а акчасын чогултуп бергенбиз
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.