Алина Кабаева "Улуттук медиатоптун" Директорлор кеңешин жетектейт

Мамлекеттик Думадагы "Бирдиктүү Орусия" партиясынын депутаты Алина Кабаева депутаттык ишин токтоткондон кийин "Улуттук медиатоптун" Директорлор кеңешин жетектейт. Бул тууралуу 16-сентябрда аталган медиахолдингге шилтеме берүү менен орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Кечээ, 15-сентябрда депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча Кабаева арыз жазганы айтылган эле. Анын арызын караган тармактык комитет Алина Кабаеванын башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу мөөнөтүнөн мурда мандатын тапшырганын маалымдаган.
31 жаштагы Алина Кабаева - 5-6-чакырылыштагы Мамлекеттик Думанын депутаты. Көркөм гимнастика боюнча 2000-жылкы Олимпиаданын коло медалынын, 2004-жылкы Олимпиада оюндарынын алтын медалынын ээси.
"Улуттук медиатоп" - өлкөдөгү ири медиахолдингдердин бири. Компания "Бешинчи каналдын" 72,4 пайыз, "Биринчи каналдын" 25 пайыз, РЕН ТВ каналынын 68 жана "Ньюс медианын" 49,9 пайыз акцияларына ээлик кылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

