super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар Өзгөндө классташын өлтүрүп койгон окуучу эркиндикте жүргөнүн айтып чыгышты

 

Өзгөн районундагы мектептердин биринин 9-класстагы окуучусу классташын өлтүрүп коюп, азыр эркиндикте жүрөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 16-сентябрдагы отурумунда депутат Ыргал Кадыралиева билдирди. Анын айтымында, мектептеги кылмыштуулук менен күрөшүүгө укук коргоо органдары кайдыгер болуп жаткандыктан, акыркы учурда кылмыштуулук өсүүдө.

Өткөн жылы Өзгөн районундагы мектептердин биринде окуучу бала классташын бир чаап өлтүрүп коюп, азыр эркиндикте жүрөт экен. Териштирсек, каза болгон баланын апасы өз энеси эмес, өгөй апасы экен. Ал аял 200 миң сом алып, ишти жаптырып салыптыр. Органдарга бул боюнча чараны күчөтүүнү сунуш кылам”,- деди Кадыралиева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: