super.kg logo
  Саясат  

Айыл чарба министрлиги: Сугат суунун жетишсиз болушуна күнөөлүү кызматкерлер иштен айдалды

 
Өлкөдө быйыл сугат суунун жетишсиз болушуна күнөөлүү облустук жана райондук суу чарба мекемелеринин айрым жетекчилери жана кызматкерлери иштен алынып, айрымдарына сөгүш жана эскертүү жарыяланды. Муну 16-сентябрда Айыл чарба жана мелиорация министрлиги билдирди. 
"Чүй облусунда сугат суунун тартыштыгына удаалаш облустагы суу каналдарындагы сууну берүүнүн тартиби өз учурунда жөнгө салынган эмес. Сугат маалында сууну бөлүштүрүү боюнча көзөмөл канааттандырарлык эмес жүргүзүлгөн деп табылды. Чүйдүн Жайыл жана Москва райондорунда сууну уруксатсыз алуу фактылары катталып, мунун кесепетинен Панфилов району сугат суусуз калган. Ушундай эле абал башка да облустук жана райондук суу чарба мекемелеринде катталды" деп билдирет министрлик. 
Суу чарба жана мелиорация департаментинин коллегиясы кемчиликтерди эске алуу менен жылдын экинчи жарым жылдыгынын иш пландарын бекиткени айтылды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: