super.kg logo
  Саясат  

Таалайбек Айдаралиев: "Кыргызстанга жер семирткич чыгаруучу ишкана куруу зарыл"

 
Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев бүгүн, 16-сентябрда айыл чарба тармагы боюнча Кытайдан келген өкүлдөрдү кабыл алды. Кытайдын Мамлекеттик илимдер академиясынын окумуштуулары министр менен илимий багытта кызматташуунун жолдорун талкуулашты. Айдаралиев кытайлык окумуштууларга Кыргызстандын айыл чарбасы туурасында кеңири маалымат берип, бул тармакты өнүктүрүү үчүн эмнелер зарыл экенин айтты. "Бүгүнкү күндө кыргызстандык жер иштетүүчүлөр тамчылатып сугаруунун жаңы ыкмасын өздөштүрүп жатышат. Мындан сырткары жер семирткич маселеси да курч бойдон. Азыр Өзбекстан, Казакстан жана Орусиядан химиялык жер семирткичтерди сатып алат, ал эми Кытайдан алып келүү кымбат турат. Андыктан Кыргызстанга жер семирткич чыгара турган ишкана ачуу зарыл",- дейт министр. 
Кытайдын Айыл жана суу чарба министрлигинин Азык-түлүк жана тамак-аш институтунун директору Ван Дон керектүү маалыматтарды алган соң, айыл чарба багытындагы кызматташтыктын жаңы багытын карап чыгарын белгиледи.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: