Депутаттар балдар үчүн юстицияны өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын долбоорун колдошту
Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 16-сентябрдагы отурумунда депутаттар балдар үчүн юстицияны өнүктүрүү боюнча 2014-2018-жылдарга карата мамлекеттик программанын долбоорун бир добуштан колдошту. Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев долбоорду ишке ашырууга 58 миллион сом талап кылынарын айтты. “Бул балдардын укуктарын жана алардын кадыр-баркын урматтоо, өспүрүмдөр арасында кылмыштуулук деңгээлин басаңдатуу, жашы жетпегендердин кайталап кылмыш кылуусун алдын алууга багытталган”,- деди Базарбаев.
Депутаттардын талкуусунан соң аталган программанын долбоору палатанын кароосуна жөнөтүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















