Ички иштер министри Абдулда Суранчиев отставкага кетти




Ички иштер министри Абдулда Суранчиев бүгүн, 16-сентябрда кызматтан кетүү боюнча өлкө башчысына арыз берди. Президенттик аппараттан билдиришкендей, министрдин арызын президент Алмазбек Атамбаев кабыл алды. Мамлекет жетекчиси министр Суранчиевге ички иштер министр катары Кыргызстанда коомдук коопсуздукту жана укук тартибин сактоо боюнча жумшаган күч-аракети жана аткарган иши үчүн ыраазычылык билдирди.
Абдулда Суранчиев Ички иштер министрлигин 2013-жылдын 2-мартынан бери жетектеп келген.
Айта кетсек, бүгүн ЖКдагы жеке булагыбыз министрлер Камила Талиеванын, Алиясбек Алымкуловдун жана Абдулда Суранчиевдин кызматтан алынганы жатканын билдирген эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

