super.kg logo
  Саясат  

Тармактык комитет балалуу үй-бүлөлөргө 300 миң сом өлчөмүндө жөлөк пул кароо жөнүндө мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды

 

Депутаттар үй-бүлөдөгү төртүнчү, бешинчи жана алардан кийинки балдарга 300 миң сом өлчөмүндө
жөлөк пул кароо жөнүндө мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Мындай чечим бүгүн, 16-сентябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында кабыл алынды. Азыркы учурда балдарга төлөнүп жаткан жөлөк пулдардын өлчөмү керектүү муктаждыктарды жаба албайт. Үй-бүлөлүк кирешенин жетишсиздигинен балдардын көбү мектепке барып билим албастан, ар кайсы ден соолугуна зыян жумуштарда иштөөгө мажбур, оңдуу тамактануудан жана медициналык тейлөөдөн да чектелип жатканы айтылды.

Мамлекет үй-бүлөлөргө жардам бериши керек. Жакыр жашоонун айынан канчалаган жаштар ажырашып кетип жатышат. Ажырашкандан кийин ичип кетишет, балдар кароосуз калат. Мисалы, Статкомдун маалыматтарына караганда, 2012-жылы 24 451 бала төрөлсө, аларга 300 миң сомдон берүү үчүн 7,5 миллиард сом керектелет. Каражат булактарын “Кумтөр” сыяктуу ири ишканалардан түшчү кирешелердин эсебинен жабууга болот”,- деди демилгечи депутат Айнуру Алтыбаева.

Ал эми өкмөттүн берген корутундусунда сунушталган мыйзам долбооруна карата каршы пикир айтылып, аны каражаттын тартыштыгы менен түшүндүрөт. Алардын эсебинде сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун керектеле турган чыгымы 25 миллиард сомго жетет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: