Ички иштер министрлиги: Абдулда Суранчиев жеке чечими менен кызматын тапшырды
Ички иштер министри Абдулда Суранчиевдин отставкага кетиши - анын жеке чечими. Муну аталган министрликтин басма сөз кызматы 16-сентябрда билдирди. "Министрдин кызматын тапшырууга башка эмнелер себеп болгонун билбейбиз. Иштен кетүү анын жеке чечими болду",- деп билдирди басма сөз кызматынан. Айта кетсек, Суранчиев кызматтан кетүү арызын бүгүн мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевге тапшырып, президент арызды кабыл алды.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















