super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар 1994-жылкы үлгүдөгү паспортту 60 жаштан кийин колдонууну жокко чыгаруу демилгесин колдошту

 

Депутаттар 1994-жылкы үлгүдөгү паспортту 60 жаштан кийин колдонууну жокко чыгаруу демилгесин колдошту. Мындай чечим парламенттин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин 16-сентябрдагы жыйынында кабыл алынды. Жыйында “1994-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө” Жогорку Кеңештин 2011-жылдын 14-апрелиндеги №295-V токтомун күчүн жоготту деп табуу жөнүндө” токтом долбоору талкууланды.  

Ага ылайык, эми 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортту колдонуп жүргөн жарандар 60 жашка чыкса, паспортту алмаштырышы керек. Эгерде көрсөтүлгөн куракка жете элек болсо, паспорт жарамдуу болуп эсептелет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: