super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев Улуттук китепкананын 80 жылдыгына карата китепкана кызматкерлерин куттуктады

 

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 16-сентябрда Кыргызстандын Улуттук китепканасынын 80 жылдыгына карата китепкана кызматкерлерин куттуктады. Куттуктоодо булар айтылат:

“Урматтуу Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын кызматкерлери!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын 80 жылдык мааракеси менен куттуктайм!

Улуттук китепкана кыргызстандыктарды руханий жактан өнүктүрүү жана тарбиялоо ишинде маанилүү милдет өтөйт. Дүйнөлүк маданияттын бай кенчине жол ачып, элибизди кылымдардын тажрыйбасына, мурасына ортоктош кылат. Китеп аркылуу адамдарда, өзгөчө жаштарда жакшы сапаттарды калыптандырып, билимге, илимге кызыгуусун арттырат. Китеп – адамзаттын улуу кенчи. Ошондуктан маалыматтар заманында дагы китеп руханий тарбия берүүнүн, инсанды калыптандыруунун каражаты катары кызмат өтөп жатат. Ал эми китепканалар адам баласынын жүрөгүнүн жылуулугун сактап, мезгилдин, муундардын байланышын камсыз кылууда.

Улуттук китепкана мезгил шарынан калбай окурмандарына китептер менен катар электрондук мүмкүнчүлүктөрдү дагы тартуулоого умтулууга тийиш.

Кесибине берилгендиги, чыдамкайлыгы үчүн Улуттук китепкананын кызматкерлерине ыраазычылык билдирем. Сиздер мындан ары дагы китепканачылардын жакшы салттарын улап, Кыргызстандын жаркын келечеги, элибиздин жыргалчылыгы үчүн өзүңүздөрдүн агартуучулук милдетиңиздерди татыктуу аткара бересиздер деп ишенем.

Улуттук китепкананын кызматкерлерине, сиздер аркылуу Кыргызстандагы китепкана чөйрөсүндө эмгектенгендерге чың ден соолук, бакубатчылык жана ийгилик каалайм".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: