Ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп Мелис Турганбаев дайындалды

Бүгүн, 16-сентябрда президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен Мелис Турганбаев ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди. М.Турганбаев Бишкек ШИИББинин башчысы болуп иштеп келген. Ал эми Ички иштер министрлигинин мурунку башчысы Абдулда Суранчиев бүгүн кызматтан кетүү боюнча арыз жазып, аны президент канааттандырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
1

