super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар “мугалимдердин маянасы мурункудай 5-7 миң сомду гана түзүп калды" дешүүдө

 

16-сентябрда “Татыктуу эмгекке татыктуу эмгек акы” деген темада Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин көчмө жыйыны өттү. Жыйында мугалимдердин маяналары жана бир катар көйгөйлөр талкууга алынды. Комитет төрагасы Каныбек Осмоналиев биргелешкен жыйында бүгүнкү күндөгү билим берүүнүн сапатын бийик деңгээлге көтөрүү, мугалимдердин социалдык абалын жакшыртуу, алардын эмгегин татыктуу баалоо маселеси коюлуп жаткандыгын белгиледи.

Дээрлик бардык райондорду кыдырып, мектеп мугалимдери менен жолугушуп келген депутат педагогдорду тынчсыздандырган жагдай айлык маселеси экенин айтат. Бүгүнкү күндө мугалимдердин орточо эмгек акысы мурда убада кылынгандай 15 миң сом эмес, 5-7 миң сомду гана түзүп калгандыгын, бул жагдай ушул тапта мугалимдердин нааразычылыгын туудуруп жатканын билдирген депутат: “Билим берүү кызматкерлеринин эмгегин татыктуу стимулдаштыруу сапаттуу билим алуу үчүн факторлордун бири болуп санала тургандыгын эч унутууга болбойт”,- деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: