super.kg logo
  Саясат  

Эльвира Сариева: "Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук приоритеттери 2015-жылдан кийин туруктуу өнүгүүнүн глобалдык максаттарына шайкеш келет"

 
Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук приоритеттери 2015-жылдан кийин туруктуу өнүгүүнүн глобалдык максаттарына шайкеш келет. Муну вице-премьер-министр Эльвира Сариева 16-сентябрда Женева шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун кеңсесинде "2015-жылдан кийинки мезгилде аймактык деңгээлде өнүктүрүүнүн күн тартиби боюнча мониторинг жана жоопкерчилик" деген темадагы жыйында айтты. Сариева жаңы максаттар Кыргызстан үчүн актуалдуу болгон маселелерди: жакырчылыкты кыскартуу, жаңы иш орундарын түзүү, билим берүү жана медициналык тейлөөнү жакшыртууну өзүнө камтый турганын билдирди. "Кыргызстан бул глобалдуу процесстин толук кандуу катышуучусу жана бул жолугушууда 17 максатты түзүүгө жана аткарууга өз сунушун берет. 2015-жылы эл аралык өнүктүрүүнүн жаңы багыттары кабыл алынып, аны ишке ашырууга Кыргызстан катышат",- деди Сариева.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: