Министр Осмонбек Артыкбаев 1-октябрга карата газга болгон баа кайрадан эсептелип чыгарын айтты
Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана кен пайдалануу боюнча комитетинин 16-сентябрдагы жыйынында энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев: “Газды өлкөгө жеткирүү маселеси жана баасы чечилди. Ушул жылдын 1-октябрына карата жарандар үчүн газдын баасы эсептелип чыгат”,- деп билдирди. Анын айтымында, 1-октябрдан тартып газ мурункудан арзан баада берилет.
“Сүйлөшүүлөргө ылайык, 350 миллион метр куб газ келиши керек. 1000 куб метри 165 доллардан сатылып алынат”,- деди Артыкбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

