super.kg logo
  Спорт  

Чемпиондор Лигасынын 1-турунда “Реал”, “Ливерпуль” жана “Ювентус” жеңишке жетишти

 

16-сентябрдан 17-сентябрга караган түнү УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын 1-тур оюндары болуп өттү. Анда “А”, “В”, “С”, “D” тайпаларында кызуу оюндар орун алды. Жалпысынан 8 оюндун биринде гана тең чыгуу катталса, калган беттештерде жеңиш ээси белгилүү болду. Күндүн башкы окуялары мадриддик “Реалдын” атаандашы “Базелдин” дарбазасына 5 гол киргизгени, дортмунддук “Боруссиянын” кайрадан лондондук “Арсеналды” утканы болду.

“А” тайпасы

“ОЛИМПИАКОС” (Греция) – “АТЛЕТИКО” (Испания) – 3:2

Голдор: А.Масуаку (13-мүнөттө), И.Афеллай (31-мүнөттө), М.Манжукич (38-мүнөттө), К.Митроглу (73-мүнөттө), А.Гризманн (86-мүнөттө).

“ЮВЕНТУС” (Италия) – “МАЛЬМЁ” (Швеция) – 2:0

Голдор: К.Тевес (59-мүнөттө), К.Тевес (90-мүнөттө)

“В” тайпасы

“ЛИВЕРПУЛЬ” (Англия) – “ЛУДОГОРЕЦ” (Болгария) – 2:1

Голдор: М.Балотелли (82-мүнөттө), Д.Абало (90+1), С.Жеррард (90+3, пенальтиден).

“РЕАЛ” (Испания) – “БАЗЕЛЬ” (Швейцария) – 5:1

Голдор: М.Сухи (14-мүнөттө, өз дарбазасына). Г.Бэйл (30-мүнөттө), К.Роналду (31-мүнөттө), Хамес Родригес (37-мүнөттө), Дерлис Гонсалес (38-мүнөттө), К.Бензема (79-мүнөттө).

“C” тайпасы

“БЕНФИКА” (Португалия) – “ЗЕНИТ” (Орусия) – 0:2

Голдор: Халк (5-мүнөттө), А.Витсель (22-мүнөттө).

“МОНАКО” (Франция) – “БАЙЕР” (Германия) – 1:0

Голдор: Жоау Моутинью (61-мүнөттө).

“D” тайпасы

“БОРУССИЯ” (Германия) – “АРСЕНАЛ” (Англия) – 2:0

Голдор: Ч.Иммобиле (45-мүнөттө), Пьер-Эмерик Обамеянг (48-мүнөттө).

“ГАЛАТАСАРАЙ” (Түркия) – “АНДЕРЛЕХТ” (Бельгия) – 1:1

Голдор: Деннис Прат (52-мүнөттө), Бурак Йылмаз (90-мүнөттө).





УЕФАнын Чемпиондор лигасы 2015/16: 1-турдагы бардык голдор

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
17.09.2014. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ronaldo 5555555
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: