Алмамбет Шыкмаматов Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн юстиция министрлер кеңешинин жыйынына катышат
Кыргызстандын юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн юстиция министрлер кеңешинин экинчи жыйынына катышат. Жыйында уюмга мүчө мамлекеттердин юстиция тармагында кызматташуусундагы орчундуу маселелер, анын ичинде соттук-эксперттик ишмердүүлүктүн көйгөйлөрү каралмакчы. ШКУга мүчө өлкөлөрдүн эксперттеринин ортосунда өз ара тажрыйба алмашуу да орун алат. "Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн юстиция министрлер кеңешинин жыйынынын негизги максаты - уюмга мүчө мамлекеттерде туруктуулукту жана өнүгүүнү камсыз кылууда укуктук жактан бирге аракет көрүү",- деп билдирет министрликтин басма сөз кызматы.
Жыйын Орусиянын Владивосток шаарында өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

