super.kg logo

Коргоо кеңеши: “Кыргызстанда айдоочуларды даярдаган 249 мектеп катталган, алардын 95и гана үлгүлүү болуп саналат”

 

Кыргызстанда 249 унаа айдоочуларын даярдоочу мектеп катталган, алардын 38 пайызы гана бардык талаптарга жооп берет. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда маалымат жыйынында КРнын Коргоо кеңешинин мүчөсү Алмаз Насыров билдирди.

Анын айтымында, республика боюнча унаа айдоочуларын даярдоо тармагы начар болууда. “2014-жылдын август айынын ичинде текшерүүлөр жүргүзүлгөн. 249 унаа айдоону үйрөтүүчү мектептин 38 пайызы (96сы) гана бардык талаптарга жооп берсе, 27 пайызы (69 мектеп) кемчиликтер менен иштеп жатат. 20 пайызы (50 мектеп) билим берүү жана практикалык ресурстары менен толук камсыздалган эмес. Ал эми калгандарынын иш жүргүзүүгө уруксат берген лицензиялары алынып, алар 3 айдын ичинде бардык кемчиликтерин жок кылууга милдеттендирилди”,- деди Насыров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: