Депутаттар этникалык кыргыздарга байланышкан мыйзам долбоорун экинчи окуунун режиминде артка кайтарышты
Жогорку Кеңештин 17-сентябрдагы жыйынында “Тарыхый мекенине кайтып келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланды. Депутат Наталья Никитенко өкмөт эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жеткиликтүү жооп бере албай жатканын айтты. “Буга чейин комитеттерде талкуудан өткөргөнбүз. Көтөрүлгөн маселелер боюнча министр Алиясбек Алымкулов жеткиликтүү жооп берген болчу. Бул ирет жооп бере албай койду”,- деди Никитенко.
“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев дагы бир топ мүчүлүштүктөр бар экенин айтып, мыйзам долбоорун экинчи окуунун режиминде артка кайтаруу сунушун киргизди.
Сунуш 62 депутаттын колдоосу менен өттү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

