super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев менен Социалдык фонддун төрагасы октябрда пенсияны көтөрүү боюнча сүйлөштү

 

Бүгүн, 17-cентябрда президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Социалдык фондунун төрагасы Мухаммедкалый Абылгазиевди кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Социалдык фонддун ишмердигине тиешелүү, ошондой эле төлөмдөрдү администрациялоо жана пенсияларды каржылоо маселелери талкууланганын президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди. Алмазбек Атамбаев менен Мухаммедкалый Абылгазиев пенсияларды төлөөдөгү диспропорцияны жоюуга, пенсиянын көлөмү менен Социалдык фондго төлөнгөн мүчө акылардын суммасынын ортосундагы өз ара байланышты орнотууга багытталып иштелип жаткан Кыргыз Республикасынын пенсиялык камсыздоо системин өнүктүрүү концепциясынын алкагында сунушталган чараларды талкуулашты.

Октябрь айында ишке ашырыла турган пенсияларды көбөйтүү маселеси да талкууланды. Пенсия жогорулатылгандан кийин анын орточо көлөмү 4600 сом болмокчу.

Мамлекет башчы пенсиялык камсыздоо системин реформалоо пенсиянын реалдуу көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берип, өлкөнүн пенсиялык системин балансташтыруу зарыл экенин белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: