"Кыргызстан 2015-жылдын 1-январына карата Бажы биримдигине кирүү үчүн бардык документтерди кабыл алат" деди Жоомарт Оторбаев
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 17-сентябрда бизнес жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынында "Кыргызстан 2015-жылдын 1-январына карата Бажы биримдигине кирүү үчүн документтерди кабыл алууга даяр" деп билдирди. Тийиштүү документтерди кароого парламент киришкенин айткан өкмөт башчы "Бирдиктүү экономикалык аймакка кошулуу боюнча биз даярдаган Жол картасы кабыл алынды. 1-январга чейин бардык документтерди кабыл алабыз" деп билдирди.
Ички дүң продукцияга карата импорттун көлөмү боюнча Кыргызстан дүйнөдө 5-орунда экенин кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

