super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар “МАИ кызматкерлери жол кырсыгына өздөрү себепчи болушууда” дешти

 

Бүгүн, 17-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында кырсык болгон жерден качып кеткен айдоочуларды 10 жылга чейин эркинен ажыратууга багытталган мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда депутат Бөдөш Мамырова “МАИ кызматкерлеринин унааларды жашынып алып тосуп жатышы жол кырсыгына себеп болууда” деп билдирди. Анын айтымында, МАИ кызматкерлери катуу келе жаткан унааларды бурчтан чыга калып тоскондо жол кырсыгы жаралып жатат.

МАИ кызматкерлери жашынып алып унааларды тосушат. Айдоочулар унаасын токтото албай жол жээгиндеги даракты сүзүп алып жатышат. Ушул сунушталып жаткан мыйзамга жашынып тоскон МАИ кызматкерине да чара көрүү боюнча сунуш киргизели”,- дейт Мамырова.

Жол-кайгуул кызматынын башчысы Талат Исаев жашынып жол тоскондорго чара көрүү боюнча министрдин буйругу бар экенин айтты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: