super.kg logo
  Саясат  

Парламентте үлпөт тойлоруна чыккан унаалардын санын кыскартуу маселеси кайра көтөрүлдү

 

Бүгүн, 17-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында үлпөт тойлоруна чыккан унаалардын санын кыскартуу маселеси кайра көтөрүлдү. Демилгечи депутат Төрөбай Зулпукаров үлпөт тойлорго 10-15 унаа чыгып алып, жолдун баарын ээлеп башка жарандарга тоскоолдук жаратып жатышканын айтты.

Биз муну менен эч кандай бирөөнүн укугун тепселеген болбойбуз. Тескерисинче, кырсыктын алдын алып жатабыз. Азыр жергиликтүү кеңештин депутаттары тойго чыккан унаалардын саны бештен ашпасын деп талап коюшту”,- деди Зулпукаров.

Муну колдогон депутат Курманбай Абдиев талапты катуу коюу керектигин айтып: "Биз айтып эле жатабыз, бирок эч аткарылган жок",- деди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: