Кыргызстанда августта салык планын аткарбаганы үчүн 20 кызматкер жазаланды
Салык органдарында иштеген 20 жетекчи август айында салык чогултуу планын аткарбаганы үчүн жазаланды. Муну 17-сентябрда Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. 10 жетекчиге катуу сөгүш берилсе, 4 башчыга сөгүш, 6сына эскертүү берилди. Кыргызстанда август айында 3 миллиард 731 миң сом салык жыйналып, бул пландагыдан 81,8 миллион сомго көп экенин билдирет мекеме. Ал эми 2013-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салык жыйноо 448,9 миллион сомго же 13,7 пайызга өсүптүр.
Салык органдарынын жетекчилерине сентябрда салык чогултуунун белгиленген планын 100 пайызга аткаруу тапшырмасы берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

