super.kg logo
  Саясат  

Роза Акназарова: "Биз парламенттин келечегин жана өнүгүү багытын көргүбүз келет"

 

Жогорку Кеӊешти өнүктүрүү стратегиясынын долбоору кийинки аптада парламент жыйынында талкуулана турганын бул стратегияны иштеп чыгуу боюнча түзүлгөн жумушчу топтун жетекчиси, депутат Роза Акназарова билдирди. Мындай сөздү депутат эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда айтты. «Баары эле "Жогорку Кеӊештин регламенти болгондон кийин бул документтин эмне кереги бар?" деп жатышат. Бирок стратегияны регламент менен салыштырууга болбойт. Биз парламенттин келечегин жана өнүгүү багытын көргүбүз келет, ошондуктан бул документ иштелип чыкты»,- деди Акназарова. Документте ЖКнын мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүндө Экспертиза борборун ачуу, лингвистикалык экспертизаларды жүргүзүү иш-чаралары белгиленген. Мындан сырткары Эсептөө палатасы аркылуу бюджеттик көзөмөлдү киргизүү да каралып жатканын кошумчалады депутат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: