Өмүрбек Текебаев: “Көчөгө видеобайкоо коюу менен кылмыштуулук азаят”
Жогорку Кеңештин 17-сентябрдагы жыйынында “Сырткы видеобайкоо жөнүндө” мыйзам долбоору каралууда.
Демилгечи депутаттардын бири Өмүрбек Текебаевдин айтымында, сыртка видеобайкоо орнотуу көчө кылмыштуулугуна чек коёт. “Сыртка видеобайкоо орнотуу абдан чоң мааниге ээ болуп, кылмыштуулуктун алдын алат. Көчө кылмыштуулугуна чек коёт. Реалдуу түрдө майда кылмыштарды эки эселеп кыскартса болот”,- деди Текебаев.
Мыйзамга ылайык, өлкөдөгү кафе, ресторан, акча алмаштыруучу жайлардын кожоюндары милдеттүү түрдө өз имараттарына видеокамераларды орнотууга мажбур болушат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

