super.kg logo
  Саясат  

Бишкек менен Ошко видеобайкоо жабдууларын орнотуу демилгеси биринчи окууда добуш берүүгө жиберилди

 

Бүгүн, 17-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкек жана Ош шаарынын тургундарынын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган Сырткы видеобайкоо жөнүндө жана КРнын ички иштер органдары жөнүндө мыйзамына толуктоо киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорлору каралды. Мыйзам долбоорлорунун демилгечилери – депутаттар Өмүрбек Текебаев, Асия Сасыкбаева, Наталья Никитенко, Жоомарт Сапарбаев, Бактыбек Калмаматов.

Өмүрбек Текебаевдин айтымында, бул мыйзам долбоору 2005-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган, бирок "каражат тартыш" деген шылтоо менен кол коюлбай кайра кайтарылгандыктан, азыр кайра киргизилип жатат. Мыйзам долбооруна ылайык, ордо калаанын бардык мекемелери менен ишканаларына видеобайкоо жабдууларын орнотуу милдеттендирилет. Видеобайкоо жабдуулары ошол мекеме жайгашкан жерде сырткы көзөмөл үчүн пайдаланылат.

Видеобайкоо жабдууларын орнотуу мамлекеттик мекемелер үчүн республикалык бюджеттен, муниципалдык мекемелер үчүн жергиликтүү бюджеттен каржыланат. Ал эми жеке менчик ишканалар өз каражатынын эсебинен орнотушат.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорлору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: