Мыктыбек Абдылдаев “Бишкекте унаалары менен 100-120-ылдамдыкта жүргөн 6-7 чиновник бар" дейт
Бүгүн, 17-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев Жол-кайгуул кызматынын жетекчиси Канат Исаевге кайрылып: “Бишкекте 6-7 жетекчи Жол-кайгуул кызматынын коштоосунда унаалары менен 100-120-ылдамдыкта өтүшөт. Ылдамдыгын бекитип бербейсиңерби?”- деди.
Депутаттын айтымында, башка мамлекеттерде жетекчилерге мындай ылдамдыкта жүрүүгө тыюу салынат.
“Мен айткан чиновниктер башкаларга жол бошотуп беришпейт. Айрым учурда гана 80-ылдамдыкты кармашат. Мен буга өзүм күбө болуп жүрөм. Мындай нерсени башка мамлекеттердин жетекчилери колдонбойт, уруксат да берилбейт”,- деди Абдылдаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















