super.kg logo
  Саясат  

Япон тарап Адам ресурстарын өнүктүрүү программасын Кыргызстанда улантууну айтты

 

Бүгүн, 17-сентябрда Япониядагы белгилүү университеттерде билим алган КРнын мамлекеттик кызматкерлери менен Эл аралык кызматташтык боюнча япон борборунун жетекчиси Вакако Хашимотонун жолугушуусу болуп өттү. Япониядагы Кыргызстандын элчилигинде болгон жолугушуу тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Анда КРнын Япониядагы элчиси Рысбек Молдогазиев окуусун аяктаган кызматкерлерди куттуктап, алардын Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошоруна ишенерин билдирди. Ошондой эле Адам ресурстарын өнүктүрүү программасы боюнча КРнын мамлекеттик кызматкерлерине стипендия берген япон тарапка ыраазычылыгын айтты.

Вакако Хашимото өз сөзүндө билим алгандардын тырышчаактыгы, аракетине жогору баа бергенин айтты. Мындан сырткары Адам ресурстарын өнүктүрүү программасын Кыргызстанда улантууну айтты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: