super.kg logo
  Саясат  

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин: "Мен кыргыз-кытай мамилесине өзгөчө маани берем"

 
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен бүгүн, 17-сентябрда Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин куттуктады. Куттуктоодо булар айтылат:
"Урматтуу президент, туулган күнүңүзгө байланыштуу чын жүрөктөн айтылган куттуктоомду кабыл алыңыз. Азыркы учурда кыргыз-кытай мамилеси туруктуу өнүгүүдө. Мунун далили 2014-жылдын май айында сиздин Кытайга жасаган мамлекеттик иш сапарыңыз. Анда биздин ортобузда достук атмосферада пикир алмашуу болуп, эки тараптуу мамилелерди терең өнүктүрүү үчүн маанилүү болгон келишимдер түзүлгөн. Биздин ортобузда жетишилген түрдүү тармактар боюнча эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү боюнча келишимдерди ишке ашырууну канааттануу менен белгилейм. Кыргыз-кытай мамилесине өзгөчө маани берем. 
Ортобузда түзүлгөн мыкты кызматтык алаканы жогору баалайм. Биздин элдердин жыргалчылыгы, биргелешип кыргыз-кытай мамилелеринин үзгүлтүксүз өнүгүшүнө бардык күчтү жумшоо үчүн сиз менен тыгыз байланышта болууну колдоого даярмын. Бекем ден соолук жана ийгилик каалайм". 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: