Казакстан, Түркмөнстан, Азербайжан жана Өзбекстандын президенттери Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттукташты

Бүгүн, 2014-жылдын 17-сентябрында Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев жана Өзбекстандын президенти Ислам Каримов куттукташтты.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Нурсултан Назарбаев жөнөткөн куттуктоо телеграммасында: "Казакстан бир тууган катары саналган Кыргызстан менен болгон мамилелерине зор маани берет. Буга мамлекеттерибиздин ортосундагы саясий, гуманитардык, маданий жана соода-экономикалык багыттагы алакабыз далил",- деп айтылат.
Муну менен катар Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов КРнын мамлекет башчысына чың ден соолук жана ишине ийгиликтерди каалап өттү. Ал эми Азербайжандын президенти Ильхам Алиев эки өлкө ортосундагы кызматташтык мындан ары да бекемделишине ишеним көрсөтөрүн жана азербайжан-кыргыз мамилеси өнүгөрүн айтты. Ошондой эле Өзбекстандын президенти Ислам Каримов коңшулаш эки мамлекет кызматташтыгын дагы да бекемдээрине ишеним артарын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

