super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Сот акыйкатчынын соттор тууралуу айткандарына өз жообун берди

 

Жогорку Сот акыйкатчы Бактыбек Аманбаевдин 16-сентябрдагы маалымат жыйынында өлкөдөгү соттордун ишмердүүлүгү боюнча айткандары тууралуу пикирин билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы бүгүн, 17-сентябрда "Жогорку Сот КРнын Акыйкатчысы текшербей туруп, далилсиз айткандарын орунсуз деп эсептейт" деп жарыялады. 

"Азыркы тапта сот системинде кандайдыр бир көйгөйлөр бар. Айрым окуялар өз кесибине жоопкерчилик менен мамиле кылбаган соттор да бар экенин көрсөттү. Бул системге терс таасирин тийгизери талашсыз. Кайсы бир сотко тиешелүү мыйзам бузуу фактысы катталса, аларга чара көрүлүүдө. Ошону менен катар жарандар тарабынан соттордун дарегине акыйкатчынын үстүнөн да кайрылуулар түшүп жатат. Мисалы, Бактыбек Аманбаев жактоочу менен "өзүнүн 3 жашар кызын зордуктады" деп шектелген Үсөн Сакатаевдин соттук иштерине кийлигишүүгө аракет кылган. Кылмыш ишин Биринчи Май райондук соту карап жаткан, кылмышка шектүү 24 жылга эркинен ажыратылган" деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, кечээ, 16-сентябрда маалымат жыйынында Бактыбек Аманбаев КРнын Акыйкатчысы болуп шайланган күндөн тарта соңку 8 айдын ичинде аткарган иши боюнча отчёт берип жатып коррупцияга аралашкан соттор тууралуу да айткан. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: