Кубанычбек Кулматов "Бишкек шаары кышка 25 пайызга даяр" деди
Бишкек шаары кышка 25 пайызга даяр. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 18-сентябрдагы жыйынында Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов билдирди. Анын айтымында, 1-октябрда Бишкек кышка 100 пайыз даяр болот. “Кышка даярдануу боюнча жумушчу топ иштеп жатат. Бишкек жылуулук борборунун 57 от казаны 1-октябрга чейин ишке кирет. Демек, 1-октябрда Бишкек кышка 100 пайыз даяр болот. Учурда 25 пайыз даяр”,- деди Кулматов.
Айта кетсек, парламентте өкмөттүн күз-кыш мезгилдерине даярдыгы каралууда. Депутаттардын суроолоруна премьер-министр Жоомарт Оторбаев баштаган өкмөт мүчөлөрү жооп беришүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















