super.kg logo

Жеке ишкерди сабап, коркутуп, ири суммадагы акча каражатын алган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

 

Кыргызстанда жеке ишкерди коркутуп, ири суммадагы акча алган кылмыштуу топтун мүчөлөрү колго түшүрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, август айынын ортосунда Бишкекте Бөкөнбаев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде эки белгисиз жаран жалгыз бараткан жеке ишкерди Ауди үлгүсүндөгү унаага кыйноо менен салып кеткен. Аны шаар сыртына алып чыгып сабап, коркутуп, 470 миң сомго жакын акча каражатын тартып алышкан. Натыйжада жабырлануучу оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Бул кылмышка шектелип 1977-жылы туулган К.М. аттуу Чүй облусунун тургуну кармалды. Анын уюшкан кылмыштуу топтордун биринин активдүү мүчөсү экени жана буга чейин соттолгону маалым болду. Анын жанында 1979-жылы туулган М.К. аттуу жаран болгон. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
18.09.2014. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менда 20 мин руб айлыгымды алдырып жибердим банктан чыгып баратсам 2 орус бала келип машинага салып шаардан сыртка алып чыгып уруп качып кетишти, анаке чыныгы жашоо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: