Свердлов районунда "кызды бычак менен коркутуп, баалуу буюмдарын тартып алган" деген шек менен 22 жаштагы жаран кармалды
Свердлов районунун 22 жаштагы А.Эльзада аттуу тургуну милицияга анын үйүнө белгисиз бирөө кирип, бычак менен коркутуп, баалуу буюмдарын тартып алганын айтып кайрылган. Жабырлануучунун айтымында, кылмышкер анын “Самсунг” үлгүсүндөгү телефонун жана башка буюмдарын тартып алган. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда Бишкек ШИИБинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ыкчам аракеттердин натыйжасында кылмышка шектелип Бишкек шаарынын тургуну, 22 жаштагы Д.Арзымат колго түшүрүлдү. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.