Жоомарт Оторбаев: "Чаткалда алтын ишканасынан алтын уурдоо фактысы боюнча иликтөө жүрүп жатат"
Парламенттин 18-сентябрдагы жыйынында Чаткал районундагы алтын казуу иши менен алектенген ишканадан уурдалган 5 килограмм алтын боюнча маселе көтөрүлдү.
Депутат Дастан Жумабеков “Чаткалда алтын казган кытайлык компаниядан 5 килограмм алтын
уурдалган эле. Азыр бул иш эмне болду?” деп суроо берди. Премьер-министр Жоомарт Оторбаев “бул факт боюнча кылмыш иши ачылып, тергөө иштери жүрүп жатат” деп жооп берди.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Ички иштер министринин орун басары Бактыбек Жусубалиев кылмышка шектүүлөр кармалып, келтирилген чыгымдын ордун толтуруу аракети жүрүп жатканын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

