super.kg logo
  Саясат  

"Кыргызстанда быйыл тоют тартыштыгы болбойт" деди өкмөт өкүлү

 
Кыргызстанда быйыл тоют тартыштыгы болбойт, анткени бүгүнкү күнгө карата фермерлер малдарына керектүү тоютту камдап алышты. Муну парламенттин 18-сентябрдагы жыйынында айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев билдирди. Анын айтымында, учурда бир түк чөптүн баасы 200-250 сом болууда. "Элдин көпчүлүгү тоюттарды камдап алышты. Айрым жерлерде чөп өтпөй, жарандардын үйлөрүнө сатуучулар өздөрү жеткирип беришүүдө. Быйыл тоют тартыштыгы болбойт. Жарандар кышында колунда бар тоютту, жакынкы жана орто алыстыктагы жайыттарды пайдаланышат",- деди Керималиев. 
Төрага Асылбек Жээнбеков жайыттарды пайдалануу боюнча "Кышында кар көп жаап койсочу?" деп суроо берип, кайра ага өзү жооп берди. "Кудай сактасын андан" дейт спикер.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: