super.kg logo
  Саясат  

Аксылыктар кара өрүктү кургатуу үчүн азыр светти өчүрбөй, кийинки айларда көбүрөөк өчүрүүнү суранышууда

 
Аксы районунун тургундары чийки жана кургатып сатуу менен үй-бүлөлүк бюджетин толтурган кайналы дарагы

Аксы районунун тургундары кайналы (кара өрүк) кургатуу үчүн азыр светти өчүрбөй, кийинки айларда көбүрөөк өчүрүүнү суранышууда. Муну депутат Анарбек Калматов ЖКнын 18-сентябрдагы жыйынында айтып чыгып, буга чара көрүүнү өкмөттөн суранды. “Аксынын жашоочулары “кайналыбызды кургатып, сатып, акчасына көмүр алалы десек свет бербей жатат. Сентябрь, октябрда лимиттин эсебинен светти үзгүлтүксүз берип, кийинки айларда көбүрөөк өчүрүшсө мейли” дешүүдө. Аксыда көпчүлүк үйлөрдө кайналы кургата турган цехтер бар. Аларга 3 фазаны берели да, кийинки айлардын эсебинен лимитти кайра кайтарып алалы”,- деди депутат.

Энергетика министри Осмонбек Артыкбаев бул жоопкерчилик район акимине жүктөлө турганын билдирди. “Район акими бизге арыз жазып, электр энергиясын кийинки айдан толуктап бере турган болсо, 3 фазаны кошууга болот”,- деди министр.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: