Жоомарт Оторбаев: "Биз жарандарга "чөбүңөр жетпей калса, малыңарды саткыла" деп айтып жатабыз"
Жогорку Кеңештин 18-сентябрдагы жыйынында өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев "биз жарандарга "чөбүңөр жетпей калса, малыңарды саткыла" деп сунуштап жатабыз” деп билдирди. Анын айтымында, тоют жетиштүү жыйналганы менен, өкмөттө элдин малынын саны боюнча так статистика жок. “Айыл чарба министрлиги “тоют жетиштүү” деп айтып жатат. Мен түз эле айтып коёюн, айыл чарба багытында бизде статистика жок, малдын санын биз өзүбүз билбей жүрөбүз. Чөптүн баасынын 250 сомго чыгып жатышы маселе жаратат. Дыйкандарга “эгерде тоют жетпесе, анда малыңарды базарга алып барып саткыла” деп сунуштап жатабыз”,- деди Оторбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
Рейтинг:
0

