super.kg logo

Эртең Бишкектин жана Чүйдүн айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

 
Эртең, 19-сентябрда Бишкектин жана Чүйдүн айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электрдин" басма сөз кызматы билдирди. 
Маалыматка караганда, саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарынын Фере, Түлөбердиев, Боталиев, Махатма Ганди, Можайский, Кызыл-Кыя, Панфилов, Горький, Чехов, Ташкент, Жибек Жолу, Исанов, Кара-Суу, Профессор Зима көчөлөрүндө, Ижев тар көчөсүндө, Токтогул көчөсүндөгү №234-көп кабаттуу үйүндө жана Арча-Бешик (Ахунбаев, Ак-Марал, Кривоносов, Муромская, Чортеков көч.), Ак-Тилек-2 конуштарында №2767, 386, 108, 2000, 2287-чордондорун жана “Новоюжная” көмөк чордонунан тараган 10 кВт аба электр чубалгысын оңдоо  иштери жүргүзүлөт. Буга байланыштуу электр жарыгынын өчүрүлүшү ыктымал. 
Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кырман, Лебединовка, Степное, Беш-Күнгөй, Воронцовка, Таш-Төбө, Кайырма, Дачная, Виноградное, Бирлик айылдарында ГЭС-6, “Лебединовка”, “Майская”, “Беш-Күнгөй”, “25-лет Киргизии”, “Ленинское”, “Бирлик” көмөк чордондорунан тараган 10/6 кВт аба электр чубалгыларын оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт.
Мындан сырткары Бишкек шаарынын Рылеев, Красная, Тойгонбаев, Деповская, Осмонов, Жумабек, Чымкентская, Ак-Муз, Краснознаменная, Кулиев, Рыскулов көчөлөрүнө жана Атбасарский, Кузбасский тар көчөлөрүнө "акылдуу" эсептегич орнотулат. 
 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: