super.kg logo
  Саясат  

“Токтогул суу сактагычында суу сатылып жатат” деген сөз бар, бирок анын аныгына жетүү кыйын” дейт Дастан Бекешев

 

Жогорку Кеңештин 18-сентябрдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев премьер-министр Жоомарт Оторбаевге бир катар суроолор менен кайрылды. Бекешев айрым мамлекеттик органдар электр энергиясын пайдалануу көлөмү жылына 7-12 пайызга чейин өскөнүн билдиргенин, ортодогу айырма кыйла чоң болуп жатканын мисал келтирди. “Мынчалык айырма болбошу керек. Өсүүнүн так көлөмү канча?”- деди депутат. Жоомарт Оторбаев өсүү көлөмү ар жылы ар башка болуп жаткандыктан, электр энергиясынын жылдык өсүшү болжол менен 5-12 пайыздын тегерегинде болуп жатканын белгиледи. 

Эл арасында “Токтогул суу сактагычынын суусу сатылып жатат” деген кеп бар, бирок анын аныгына жетүү кыйын. Мындай айыптоолордон кутулуу үчүн Нарын каскадындагы ГЭСтерге видеожабдуу орнотулса, суунун качан, кандай көлөмдө, кайда кетип жатканы так белгилүү болмок”,- деп кошумчалады Бекешев. Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев мындай сунушка макул экенин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: