Тажикстан Кыргызстанга электр энергиясын сатууну октябрда токтотот
Кыргызстан быйыл октябрь айында Тажикстандан электр энергиясын импорттоону токтотот. Муну 18-сентябрда ЖКнын жыйынында өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев билдирди. "Алар да кышка даярдык көрүүнү баштады, ошондуктан бизге электр энергия берүүнү токтотушат",- деди өкмөт жетекчиси. Тажикстандын электр энергиясын берүүнү токтотушу Кыргызстанга кошумча оорчулук алып келбей турганы айтылды. Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев Казакстандан 500 миллион киловатт-саат электр кубатын алуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканы айтылды.
Автор: Автандил Добулбеков
Айта кетсек, парламент жыйынында өкмөттүн быйылкы кышка даярдыгы талкууланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















