Кийинки аптада Коргоо жана Маданият министрликтеринин жетекчилери “Министр байланышта” акциясына катышышат
22-сентябрда КРнын Коргоо министри Абибилла Кудайбердиев “Ачык өкмөт” саясатынын алкагындагы “Министр байланышта” акциясына катышат. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 25-сентябрда КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жаңы шайлана турган башчысы, ал эми 29-сентябрда КРнын Юстиция министри аталган акцияга катышышат.
Айта кетсек, “Министр байланышта” акциясынын жүрүшүндө аптанын дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү тиешелүү министрликтердин же мекемелердин башчылары ММКлар аркылуу 2014-жылга болгон пландары, милдеттери жана жыл ичинде аткарган иштери боюнча айтып бериши зарыл. Мындан тышкары алар журналисттердин жана жарандардын бардык суроолоруна жооп бериши керек.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.